Садыбакас Өмүрзаков 1921-жылдын 25-мартында Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кант районундагы Жайылма айылында туулган. Бишкектеги № 5 мектеп-интернатты ийгиликтүү аяктаган.
Кыргызстанда тарыхый география, топонимика, тоолуу аймактардын физикалык-географиялык шарттарын картага түшүрүү методдорун түзүү багытындагы илимий изилдөөлөрдүн негиздөөчүсү. Географиялык ил-нин кандидаты (1958), КРдин табиятын коргоого эмгек сиңирген кызматкер (1992). Табият жана коом изилдөө эл аралык ИАнын анык мүчөсү (2000), КРдин географиялык коомунун президенти (1964-2000), КРдин жана СССРдин географиялык коомдорунун ардактуу мүчөсү. 1943-50-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын 1секретары,
Кыргызстан КП БКнын мүчөсү жана бюросуна кандидат. 1950-53-ж. Фрунзедеги мугалимдер институтунун директору, 1953-59-ж. Кыргызстандын сырттан окуу педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1959-70). КМУнун география факультетинин деканы (1962-65), кафедра башчысы. 197089-ж. КР УИАнын география бөлүмүнүн башчысы, климатология жана гидрология секторунун, физикалык география жана геоморфология лаборайонын башчысы, 19892002-ж. жетектөөчү илимий кызматкер. 1970-жылдан КР
Илимий-маалыматтык атласынын илимий редакциялык кеңешинин төрагасынын орун басары, жооптуу секретары жана атласты түзүүчү топту жетектеп, ошону менен бирге бир нече өзгөчө мазмундагы карта түзгөн. Ал 400дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 22 монография, брошюралардын автору. Негизгилери: «Очерки по истории географических исследований Киргизии» (1959), «Природа Киргизии» (авторлош, 1962), «Тар жол, тайгак кечүү менен» (1963), «С четырёх сторон горизонта» (1983), «Кавказ, Средняя Азия.
Кыргызстан» (авторлош, 1984), «Словарь географических названий Киргизской ССР (авторлош, 1988). Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясыныын мүчөсү жана география боюнча илимий кеңештин төрагасы болгон. «Манас» энциклопедиясын даярдоого активдүү катышкан. Ленин, «Ардак белгиси» ордендери, СССР географиялык коомунун, П. П. Семёнов-Тян-Шанский атындагы медаль менен сыйланган. КРдин табиятын изилдөөгө, география илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Кыргыз Ала-Тоосундагы бир чокуга ысмы коюлган.
450дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 22 китептин автору. 30га жакын илимий китепке редактор болгон. Анын эмгектери картография жана географиялык ачылыштар тарыхы боюнча ж.б. маселелерди чагылдырган. Ара-чолодо КУУда дарстар окуп келди. Совет доорунда СССР жана Кыргыз ССР географиялык коомдорунда үзүрдүү иштеди, Кыргыз ССР Географиялык коомунун алгачкы президенти (1964-2000) болду.
Садыбакас Өмүрзаковдун шакирттеринин арасында - кыргыздын белгилүү географтары Саламат Аламанов менен Темиркул Эшенкулов бар. Садыбакас Өмүрзаков география илими боюнча бир катар кандидаттык ишке жетекчи болгон.
Өмүрлүк жары – . Кенже уулу, экономика илимдеринин кандидаты Кубат Өмүрзаков да атасынын жолуна түшүп окумуштуу болду.
Бүткүл союздук География коомунун (1985) ардактуу мүчөсү; Кыргызстан География коомунун (1985) ардактуу мүчөсү. СССР Географиялык коомунун чечимине ылайык, П.П.Семенов-Тяньшанский эскерме медалы менен сыйланган. “Кыргыз Совет Энциклопедиясына” кошкон салымы үчүн башка авторлор менен катар эле Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгын алган. Ленин ордени жана Даңк Белгиси медалы менен сыйланган. Табиятты коргоонун эмгек сиңирген кызматкери наамы ыйгарылган.
2008-жылдын 15-январында КР Жогорку Кеңешинин кабыл алган атайын мыйзамына ылайык Аламүдүн суусунун башатындагы бир аты жок чокуга Садыбакас Өмүрзаковдун ысымы ыйгарылган. Чокунун бийиктиги – 4417 метр.